Айнекти талкалайм деп шеригин кирпич менен жаткыра чапкан ууру. Видео

Кылмышкерлердин карактоосу Лондондун райондорунун биринде болгон.
Sputnik

Видео көзөмөлгө түшүп калган тасма YouTube каналына блогер ViralHog тарабынан жарыяланган.

"Акылы жок ууру". Унаа уурдайм деп уят болгон уурунун видеосу
Анда үч ууру мотоцикл менен дүкөндүн арткы тарабынан келип, ага кирүү үчүн айнегин талкалоого аракет жасаган. Бири кирпич менен терезени талкалайм деп жанындагы шеригин башка чаап алган. Окуя болгон жерге ошол маалда күзөтчү келе калып, эки каракчы жерде эсин жоготуп жаткан досун таштап из жашырып кеткен.

Азырынча кылмышкерлердин колго түшкөндүгү тууралуу маалымат бериле элек.

Мындай жамгыз окуя Шанхайдын көчөлөрүнүн биринде да болгон. Анда шектүү жанындагысын күзөтчү келгенче көтөрүп кеткен.