Кырчын Көчмөндөр оюнуна даярбы? Этно шаарчанын асмандан көрүнүшү

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына карата даярдалган объектилер жалпысынан эксплуатацияга берүүгө даяр. Бул тууралуу Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Sputnik

Кырчын этно-шаарчасына "Хан-Ордо" сахнасы менен VIP-коноктор үчүн чатыр орнотуу иштери 95 пайызга аяктап калды.

Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун айтымында, Кырчындын аймагында биздин заманга чейинки VI-V кылымдарга таандык 200дөн ашык бейит бар.

"Чатырды орнотуу үчүн жер казууга туура келди. Биздин заманга чейин VI-V кылымдарда бул жерде ири кармаштар болуп турган. Кырчындын аймагында 200дөн ашык күмбөз бар. Алардын биринен күмүштөн жасалган буюмдарды, жаанын башын, кур жана сөөктөрдү таптык. Анын баары музейге берилди", — деди Жаманкулов.

Түрк компаниясынын Кыргызстан тууралуу видеосу хитке айланды
Коноктордун ыңгайы үчүн Кырчын этно шаарчасына жол салынган. Ошондой эле сегиз ажаткана (бешөө мурун бар болчу), мал союучу жай жана жыгачтан жасалган дарбаза орнотулган. Мындан сырткары, суу менен жабдуу системасы кошулган.

ӨКМ болсо этно шаарчанын аймагына жөө адамдар үчүн деп үч көпүрө курду. Электр жарыгы менен камсыздоо үчүн пландалган 100 түркүктүн 80ни орнотулду. Ошондой эле кабель өткөрүлүп, трансформаторлор орнотулат.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары Ысык-Көл облусунун аймагында 2-8-сентябрь күндөрү өтөт.