ИИМдин 6000 кызматкери Көчмөндөр оюндарында коопсуздукту көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Жаманак Мүсүрканов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эң алгач коопсуздук маселесине көңүл буруу шарт.
"Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын катышуучуларынын коопсуздугун ИИМден 6000 кызматкер көзөмөлгө алат. Иш-чара учурунда алар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ошондой эле чет элдик коноктор да коркпой эле келе берсе болот. Алар үчүн атайын ыктыярчылар кызмат кылат. Бажы жана Чек ара кызматы да башка өлкөдөн келген катышуучуларды тосуп алууга толугу менен даяр", — деди ал.
Мүсүрканов Көчмөндөр оюнун чагылдырууга чет жактан 500дөй журналист келе турганын кошумчалады.