Радио

Исакова: бир класска 45-48ден бала алууга аргасызбыз

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова статустук мектептерде башталгыч класстар 12ге чейин ачылып жатканын айтты.
Sputnik
Исакова: бир класска 45-48ден бала алууга аргасызбыз

Ички миграциядан улам бир класска 45-48ден бала алууга аргасыз болуудабыз. Бул кайра эле келип, ата-энелердин нааразычылыгын жаратууда. Мындай пикирин Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча мектептерде окуучулардын саны жылына болжол менен 10 000дей окуучуга көбөйүүдө.

"Орун жетишсиз болгон билим берүүчү жайлар гимназиялык, лицейлик статустагы мектептер болууда. Мисалга алсак 960 бала окуй турган орто мектепте 3500 окуучу билим алып жатат. Мунун башкы себеби — ордо калаабыздын айланасында пайда болгон 60ка чукул жаңы конуштар. Алардын 48и расмий каттоодон өтсө, анын 19 конушунда гана 20 мектеп бар. Калгандары баары шаардагы мектептен билим алышат. Биз аларды кабыл алууга милдеттүүбүз. Жыйынтыгында бир класска 45-48ден баланы отургузуп окутуп жатабыз. Мамлекет жылына экиден мектеп куруп жатат, бирок бул жетишсиз. Анткени соңку 10-15 жылда ички миграция абдан өсүп кетти", — деди Исакова.

Ал мыйзам боюнча өлкө мектептеринде бир класста 20-25 бала окуш керектигин кошумчалады.