Бердымухамедов Жээнбековду Ашхабаддын борбордук аянтынан тосуп алды

Кыргызстандын президенти Түркмөнстанда эки күн болот.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Түркмөнстанга мамлекеттик сапар менен кеткен президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедов менен Ашхабаддын Эгемендүүлүк аянтынан жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбековду Түркмөнстанга коштоп кеткендер. Тизме
Эскерте кетсек, Жээнбеков Түркмөнстанга бүгүн эртең менен учуп кеткен. Бул сапардын алкагында президент Аралды сактоо фондусунун эл аралык саммитине катышып, Бердымухамедов менен эки тараптуу мамилелерди талкууламакчы. Ал эми аэропорттон Жээнбековду Түркмөнстандын вице-премьери — тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алды. 
1 / 4
Аропорттон Жээнбековду Түркмөнстандын вице-премьери — тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алды.
2 / 4
Аропорттон Жээнбековду Түркмөнстандын вице-премьери — тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алды.
3 / 4
Аропорттон Жээнбековду Түркмөнстандын вице-премьери — тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алды.
4 / 4
Аропорттон Жээнбековду Түркмөнстандын вице-премьери — тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алды.

Маалыматта эки президент жолуккан аянтта Кыргызстан менен Түркмөнстандын желектери желбиреп, Ардак кароол тизилгени, эки өлкөнүн гимни ойнолгону айтылат.

Өлкө башчылар расмий жолугуп, сүрөткө түшкөндөн кийин тар чүйрөдөгү сүйлөшүүлөр үчүн "Огузхан" атындагы президенттик сарайга жөнөп кетишкен.