Жоокер колунан ажыраган чуулуу окуя: аскер бөлүгүнүн командири иштен алынды

Кырсык 19-август күнү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Токко урунуп, оң колунан ажыраган жоокер кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн командири иштен алынды. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин жоокери 19-август күнү трансформатордон токко урунуп, анын оң колун чыканагына чейин ампутациялашкан.

"Кырсык болгондон кийин Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев жерине барып, аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышкан. Ал офицерлер менен баарлашкан учурда ар бир жоокердин ден соолугу менен өмүрү коопсуз болушу керектигин баса белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында аскер бөлүгүнүн командири иштен алынып, жетекчилик курамдагы кызматкерлер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Кызматтык иликтөөнүн материалдары Жалал-Абад гарнизондук аскер прокуратурасына өткөрүп берилди.