БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-24-август күндөрү Түркмөнстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыковдун айтымында, иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын башчысы менен тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрөт. Анын алкагында бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргызстан менен Түркмөнстандын стратегиялык өнөктөштүгү боюнча ири келишимге кол коюлат.
Сыдыков белгилегендей, аталган документтер эки өлкөнүн кызматташуусуна жаңы жолдорду ачып, тарыхый окуя болуп калмакчы. Ал ошондой эле 24-августта Жээнбеков Түркмөнбашы шаарында Аралды куткаруу боюнча эл аралык фонддун саммитине ардактуу конок катары катышарын кошумчалады.