Токмокто үй өрттөнүп, эки наристе көз жумду. Сүрөт

Алдын ала маалыматтарга караганда, балдар өздөрү капысынан өрт чыгарып ийиши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Токмок шаарында эки бөлмөлүү үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен эки наристе көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 2
Токмок шаарында эки бөлмөлүү үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен эки наристе көз жумду
2 / 2
Өрт жекшемби күнү эртең менен Ибраимов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде чыккан. Аянты 95 чарчы метрди түзгөн үйдүн ичинде калып калган балдар беш жана үч жашта эле.