Ош шаарынын мэри аз камсыз үй-бүлөлөргө эт азыктарын таратты. Сүрөт

Мэр калаа тургундарын Курман айт майрамы менен куттуктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 22-августта, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө эт азыктарын таратты. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Сарыбашов "Сулайман-Тоо" жана "Манас-Ата" аймактык кеңешинин тургундары менен жолугуп, Курман айт майрамы менен куттуктаган.

1 / 3
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 22-августта, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө эт азыктарын таратты
2 / 3
Сарыбашов "Сулайман-Тоо" жана "Манас-Ата" аймактык кеңешинин тургундары менен жолугуп, Курман айт майрамы менен куттуктаган.
3 / 3
Ош шаарында 12 аймактык кеңеш жана Жапалак айыл аймактык башкармалыгы жайгашкан.

"Курмандык чалып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана улгайгандарга эт таратуу үчүн Ош шаарынын мэриясы аймактык кеңештерге акча каражатын бөлгөн. Ал калкынын санына жараша аймактарга бөлүнүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында 12 аймактык кеңеш жана Жапалак айыл аймактык башкармалыгы жайгашкан.