Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы мониторинг жана божомолдоо системасы жаңыланууда. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор ишке ашкандан соң бардык болжолдуу маалыматтар бир борборго келип түшөт.
"Азыркы кезде эл аралык уюмдарга кайрылуу менен мониторинг жана божомолдоо системасын түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Бул система ишке ашкандан кийин болжолдуу маалыматтардын баары бир борборго келип түшүп, мониторинг боюнча маалыматтардын туура чыгуусуна өбөлгө түзөт", — деди Сакыев.
Ал мындан сырткары өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап шаймандарды алдыруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.