Былтыртан тарта Кыргызстандан миллиондогон акчалар чыгарылып кеткен

Акчалардын эмнеге мындай болуп агып кетип жаткан себеби айтылган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Былтыркы жылдан тарта Кыргызстандан сыртка чыккан акчанын көлөмү көбөйдү. Бул туурасында Улуттук банктан кабарлашты.

Доллар 4 сом турган учур эсиңиздеби? 25 жылдан берки графика
Кеп жеке тараптардын которгон акчасы туурасында жүрүп жатат.

Улуттук банктын сайтына 2005-жылдан берки маалыматтар илинип турат.

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында кеткен акчанын көлөмү 192 миллион долларды түзгөн. Экинчи жарым жылдыкта 260 миллион долларды чапчыган.

Ал эми быйылкы жылдын алгачкы алты айында 238,4 миллион долларды түзгөн.

Акчалардын эмнеге мындай болуп агып кетип жаткан себеби айтылган эмес.