Көк-Жарда каналга агып кеткен жигиттин сөөгү 7 күндөн кийин табылды

15-август күнү 24 жаштагы жигит каналга агып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жети күн мурун каналга түшүп кеткен жигиттин сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 15-август күнү болжол менен саат 10.40тар чамасында 24 жаштагы Ш. уулу К. чоң сууга агып кеткен. Окуя болгон жерге тез арада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барып издөө иштерин баштаган.

Натыйжада бир жума дегенде бүгүн, 22-августта, маркумдун сөөгү Чоң Чүй каналынан саат 15:30да табылды.