БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Өрт чыгып, 64 адам көз жумган "Зимняя вишня" соода борбору түп-орду менен жок кылынды. Бул тууралуу Кемерово шаарынын жетекчилигине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
"23 миң чарчы метрди ээлеген бул имарат башында кондитердик фабрика катары салынып, кийин көңүл ачуучу борборго айландыруу максатында реконструкцияланган. Бирок өрттөн кийин адистер аны жарактан чыкты деп чечишкен. Анткени негизги түркүктөрү күйүп кеткен", — деп жазылат макалада.
Шаар бийлиги ондогон адамдардын өмүрү кыйылган бул жерге келечекте эстелик орнотуп, сейил бак курууну пландап жатат.
Эске салсак, 2018-жылы 25-мартта Россиянын Кемерово шаарындагы төрт кабаттуу соода-көңүл ачуучу имаратында өрт чыгып, 64 киши каза болгон. Алардын көбү жаш балдар эле.