Чемпиондордун апасы Елена Шевченкого наам ыйгарылды

Елена Шевченко машыктыруучу катары эл аралык класстагы 11 спорттун чеберин, КРдин 40ка чукул спорт чеберин жана 150гө чукул спорт чебери наамына талапкер балдарды тарбиялаган. Ошондой эле UFC мушкерлери Антонина менен Валентина Шевченконун апасы.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко өкмөткө караштуу Жаштар иши дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан эмгек сиңирген машыктыруучу наамын алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине федерациядан билдиришти.

Маалымат менен машыктыруучунун кыздары, UFC мушкерлери Антонина менен Валентина Шевченко да бөлүшкөн. 

Елена Шевченко 2003-жылдан бери Тайбокс федерациясын жетектеп, машыктыруучулук кызматты да аркалап келет.

Федерациянын маалыматы боюнча бул убакытта миңдеген спортчулар тайбокстун техникасын үйрөнө алды. Эл аралык класстагы 11 спорттун чебери, КРдин 40ка чукул спорт чеберин жана 150 чукул спорт чебери наамына талапкер балдар тарбияланган.

Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
Шевченко 13 ирет КРдин чемпионатын жана бир канча жолу чоңдор, жаштар жана балдар арасындагы мелдештерди өткөргөн. Ошондой эле муайтайга жана калыстарга арналган семинарларды уюштурган.

Машыктыруучунун жетекчилиги астында спортчулар өлкө желегин Таиланд, Корея, Иран, Малайзия, Вьетнам, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Швеция, Белоруссия жана Россия мамлекеттеринде желбиреткен.