Бишкектин жака-белинде бак сүзгөн унаадагы 2 киши жабыркады. Видео

Милияциянын алдын ала маалыматына караганда, минивэндин айдоочусу алдындагы унаа менен сүзүшүп албайын деп буйтап барып, рулду башкара албай калган.
Sputnik

Бишкекке жакын жайгашкан ГЭС-5 районунда унаа бакты сүзүп калган видеону Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу жиберди.

Анын айтымында, кырсыктаган унааны көп кишилер тегеректеп, жабырлануучуларды ичинен алып чыгышты. Окуя 21-август күнү саат 21.10дор чамасында болгон.

Чүй облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык болгондугун тастыкташты.

"Ичинде жүргүнчүлөрү бар Toyota Gaia автоунаасы Калинин көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан. Алдынан чыга калган унаа менен кагышып алуудан качып, буйтаган маалда жол жээгиндеги бакты капталы менен барып сүзгөн", — деп айтышты милициядан.

Кесепетинде жабыркаган эки адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.