Аттиң! Акжол Махмудов алтын медалга жетпей калды. Сүрөт

Кыргызстандык балбан ирандык Мохаммадали Гераи менен кез келди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Азия оюндарында күчүн сынаган Акжол Махмудов күмүш медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан финалда ирандык Мохаммадали Гераи менен кез келген. Аны менен катуу кармаш өткөрүп натыйжада 7:3 эсеби менен жеңилүү ызасын тартты. Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Атаандашы буга чейин 82 килограмм салмак категориясында күрөшүп жүргөнү айтылат. Ал эми кыргызстандык балбан буга чейин 72 килограммга чейинки балбандар менен кармашчу.

1 / 2
Азия оюндарында күчүн сынаган Акжол Махмудов күмүш медаль тагынды.
2 / 2
Кыргызстандык балбан финалда ирандык Мохаммадали Гераи менен кез келген.

Биринчи айлампада Олимпиада чемпиону, кориялык Ким Хен У аттуу спортчуну 7:3 эсебинде утуп алган. Андан соң өзбекстандык Билан Нальгиев менен кыл чайнашкан беттеш өткөрүп 6:4 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалда түркмөнстандык Шермет Перманов менен кез келип, бир жарым мүнөттүн ичинде жеңишти камсыздады

Азиатские игры 2018. Греко-римская борьба до 77 кг. Финал

Кыргызстандын байге куржуну 8-медаль менен толукталды. Буга чейин кыргызстандык балбанбар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштөн үч күмүш, үч коло уткан. Ал эми оор атлетикадан Иззат Артыков коло байге тагынды