Японияда мээ кайнаткан ысыктан 80 миңден ашуун адам ооруканага түштү

Каза болгондордун саны 150гө жакындады.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Японияда өтүп бара жаткан жайда катуу ысыктан улам 80 миңден ашуун адам ооруканага түшүп, алардын 150гө жакыны көз жумду. Мындай статистиканы өлкөнүн Өрт коопсуздугу башкармалыгы (Тез жардам кызматы аталган башкармалыкка карайт) бергенин РИА Новости жазды.

Испанияда чөгүп бараткан аялды дрондун жардамы менен сактап калышты
Акыркы төрт ай ичинде ысыктан улам ден соолугу начарлаган 82 миң адам дарыгерге кайрылууга муктаж болгон. Бул Япония үчүн рекорддук көрсөткүч болгону айтылды.

Учурда абанын табы төмөндөп, жабыркагандардын саны акырындык менен азая баштады. Мисалы, өткөн аптада, тагыраагы 13-19-август күндөрү бейтапканага 3669 адам түшкөн. Бул мурунку жумага салыштырмалуу эки эсеге аз.