Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттен айт намазга жыгылды. Сүрөт

Курман айт мусулмандардын боорукерликке жана кайрымдуулукка үндөгөн майрамы.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин биринде Курман айт майрамына карата намазга жыгылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Президент Сооронбай Жээнбеков совершил намаз по случаю Курман айта

Муфтияттан маалымдашкандай, өлкө башчы эртең менен 12-кичи райондогу Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан мечитке барган.

Жааган жамгырга карабай Бишкекте 25 миңден ашуун адам айт намазын окуду. Видео
Курман айт намазы өлкөнүн бардык аймактарында окулду. Бишкекте эски аянтка 25 миңден ашуун адам топтолсо, Оштун борбордук аянтына 13 миңге жакын киши келген.

Курман айт мусулмандардын боорукерликке жана кайрымдуулукка үндөгөн майрамы. Бул күнү курмандык чалынып, муктаждарга таратылат. Ошондой эле жакындарга көңүл буруп, көптөн бери көрүшө элек тууган-туушкандардан кабар алып коюу туура. Көзү өткөн ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутуу — милдет.