БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы Курман айт намазына 13 миңдей адам катышканын калаа жетекчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Тургундар жараткандан жакшылык тилөө үчүн шаардын борбордук аянтына топтолушту.
Айт намазга шаар мэри Таалайбек Сарыбашев менен облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев катышты.
Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө тынччылык, ынтымак жана ийгилик каалап өттү.