Радио

Бөрүбаева: кино – бул чоң курал

Режиссёр жана сценарист Чолпонайым Бөрүбаева кино аркылуу чоң маселени көтөрүп чыгып, элдин назарын бурууга болорун айтты.
Sputnik
Бөрүбаева: кино – бул чоң курал

Кино – бул чоң курал. Тасма менен көп нерсени айтууга болот. Бул тууралуу Чолпонайым Бөрүбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ичиңде козголуп жаткан көйгөйдү кино аркылуу чагылдырып, көрүүчүлөргө маанилүү бир ойду берүүгө болот.

"Кыргыз тасмалары сандан сапатка өтөт деп ниет кылам. "Кыргыз керемети кайталанып жатат" деген пикирге кошулбайм. Анткени ал мезгил артта калды. Эми биз жаңы толкун, жаңы багыт менен алга жылып, кыргыз тасмаларынын деңгээлин көтөрүшүбүз зарыл. Эл жаңыча тартылган кинолорго суусап турат. Кино аркылуу бир маселени алып чыгып, элдин назарын бурдуруу – чоң жетишкендик. Азыркы кезде жаш кино жаратуучуларга мүмкүнчүлүктөр кеңири. Мыкты тасма тартып, интернетке жайгаштырып же эл аралык фестивалдарга катышууга жолдор арбын", — деди режиссёр.

Ал кино жаратмандардын алдыга жылуусу өздөрүнөн көз каранды экенин кошумчалады.