Каныбек Жолчубеков казакстандык балбанды 53 секундда көтөрүп чаап финалга чыкты

Каныбек Жолчубековдон сырткары дагы үч кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жакартада өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков казакстандык Мирамбек Айнагуловду утуп финалга чыкты.

Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмак категориясында кармашка чыгып жатат. Ал биринчи айлампада Түндүк Кореядан келген Ри Се Унг менен күрөшүп 2:0 эсебинде жеңилип бараткан. Бирок партерден аны көтөрүп чаап, үч-төрт ыкма жасай коюп 10:2 эсебинде утуп алды.

Айсулуу Тыныбекова Азиадада алтынга жетпей калышынын себебин түшүндүрдү. Видео
Экинчи айлампада кытайлык Сайлак Валихан менен кез келип, аны 6:1 эсеби менен жеңди. Жарым финалдык кармашуу да көпкө созулган жок, 53 секунддун ичинде кайра эле көтөрүп чабуу ыкмасын жасап казакстандык атаандашын жер каратты. Натыйжада 9:0 эсеби менен жеңишти камсыздап финалга жолдомо алды.

Мындан сырткары, кыз-келинер арасындагы күрөштөн кыргызстандык Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга чейин жетип жеңилүү ызасын тартышты. Грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов чейрек финалдан жеңилип, бирок аны уткан атаандашы финалга чыкканы үчүн кайра кармаш өткөрүп жеңишке жетти.

Эми жогоруда аты аталган үч спортчу тең коло байге үчүн күрөшөт. Финалдык оюндар кечки саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөштөн Магомед Мусаев күмүш медаль уткан.