БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. БУУнун адистери дагы 30 жылдан кийин жер жүзүндө жашаган калктын жарымына таза суу жетпей адам өмүрүнө коркунуч жарала турганын айтып кулак кагыш кылууда. Бул тууралуу Mail.ru жаңылыктар порталы изилдөөнүн жыйынтыктарына таянуу менен жазды.
Андагы документке ылайык, калктын саны өскөн сайын таза сууга болгон муктаждык курчуп, суу ресурсу алтынга тете болушу ыктымал.
Айрым кургакчыл өлкөлөрдө (Индия, Эфиопия жана Нигерия) таза суу маселеси бир аз жөнгө салынып калды деген менен дүйнө жүзүндөгү кырдаал жакшы эмес.
"Сууну айыл чарба иштерине жана ичүү үчүн тынбай колдонуу жердеги тузсуз суунун коруна терс таасирин берет. Өкүнүчтүүсү жакынкы жылдары кырдаал жакшы жагына өзгөрбөй турган болууда. Эми эле айрым ири шаарлар сууну үнөмдүү пайдаланууга өтө баштады", — деп айтылат маалыматта.
Бул жылы Түштүк Африканын Кейптаун мегаполиси таза сууга мукурап бир топ кыйналды. Бийлик буга чара колдонууга киришип, жамгырдын сезону башталганга чейин таза суу шаардын 4 миллион калкына жетип турушу үчүн фермерлердин эгин сугаруусуна чек койду.