Жааган жамгырга карабай Бишкекте 25 миңден ашуун адам айт намазын окуду. Видео

Бүгүн Кыргызстанда ыйык Курман айт майрамы белгиленип жатат. Таңга маал жер-жерлерде майрамдык намаз окулду. Борбор калаанын тургундары жана коноктору эски аянтка чогулду.
Sputnik

Жараткандан жакшылык сурагандар аянтка таңкы саат 6.00дөн тарта келе баштады. Алгач дин аалымдарынын баяндамалары, бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоолору айтылды. Саат 7.45де жамаат намазга жыгылды. Муфтияттын берген маалыматы боюнча майрамдык намазга 25 миңден ашуун адам чогулду.

Жээнбеков: ыйманыбыз жаштарды тарбиялап, адилеттүү коом курууга өбөлгө түзөт
Бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев катышып эл менен чогуу намаз окушту.

Курман айт мусулмандардын боорукерликке жана кайрымдуулукка үндөгөн майрамы. Бул күнү курмандык чалынып, муктаждарга таратылат. Ошондой эле жакындарга көңүл буруп, көптөн бери көрүшө элек тууган-туушкандардан кабар алып коюу туура. Көзү өткөн ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутуу — милдет.