Айсулуу Тыныбекова Азиадада алтынга жетпей калышынын себебин түшүндүрдү. Видео

Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште утулуп калганы боюнча комментарий берди. Кыргызстандык балбан менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы баарлашкан.
Sputnik

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын финалында монголиялык Орхон Пуревдоржго 11:0 эсебинде утулуп калган. Спортчунун айтымында, колунан алган жарааты айыкпай, мелдешке жакшы даярдана албай калган.

"Финалда кезиккен монголиялык балбан кызды буга чейин эки жолу уткан болчумун. Ал кезде мен жакшы даярдыкта жана башка салмакта күрөшчүмүн. Мында 62 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча чыктым. Салмагым да бир аз жетпей калды. Чынын айтканда жараатыма байланыштуу машыгуу өткөрө алган жокмун. Абалым өтө начар болчу. Ушундан улам Азия оюндарына катышуудан баш тартсамбы деп да ойлогом. Даярдыгыбызга жараша медалга татыктуу болдум деп эсептейм", — деди Тыныбекова.

Ошондой эле ал беттештердин эң оору биринчи айлампадагы кармашуу болгонун белгилеп өттү. Анда булчуңдары чогулбай акыбалы начар болуп калганын айтат. Сөзүнүн аягында ага дайым ишенип, колдоп келген кыргыз элине терең ыраазычылыгын билдирди.

Айсулуу Тыныбекова олимпиадада утулган индиялык балбан кыздан өчүн алды
Ал эми машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуунун былтыр алган жарааты толук айыкпай, соңку 20 күндөн бери медициналык жардам алуу менен гана алектенип калганын белгиледи. Түркиядагы эл аралык мелдештин финалына да ушул себептен чыкпаганын айтат

"Айсулуу төрт беттеш өткөрдү. Атаандаштары жөнөкөй спортчулар эмес. Азия оюндары Олимпиададан кийин эле тургандыктан баары жогорку деңгээлде даярданышат. Айсулуу финалдагы каршылашын буга чейин эки жолу жеңген. Эки жыл мурда аны утуп Олимпиадага жолдомо алган. Мында салмагы кичине оор болуп, экинчиден биз толук кандуу даярдана албай калдык. Буюрса алдыдагы Олимпиада оюндарына толук кандуу даяр болобуз", — деди Изабеков.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда эки күмүш медаль бар. Анын бирин Магомед Мусаев эркин күрөштөн алып келген.