Дагы бир медаль! Айпери Медет кызы коло утту. Сүрөт

Кыргызстандык спортчу финалда монголиялык Насанбурма Очирбат менен күч сынашты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жакарта шаарындагы Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

1 / 2
Жакарта шаарындагы Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду.
2 / 2
Ушуну менен Кыргызстандын куржуну Азия оюндарынан төртүнчү медаль менен толукталды.

Ал 76 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Медет кызы жарым финалда япониялык Хирое Минагавага 2:1 эсебинде утулуп калган. Ал атаандашы финалга чыккандыктан коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган. Бул беттеште монголиялык Насанбурма Очирбат менен кармашып 4:2 эсеби менен жеңишке жетти.

Ушуну менен Кыргызстандын куржуну Азия оюндарынан төртүнчү медаль менен толукталды. Буга чейин кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Мээрим Жуманазарова коло, Айсулуу Тыныбекова күмүш, эркин күрөштөн Магомед Мусаев күмүш медаль уткан.