БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев Курман айт намазына катышты. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматынан билдиришти.
Атамбаев салтка айланып калгандай эле кичи мекени болгон Чүй облусуна караштуу Арашан айылындагы мечитке барды.
Андан соң экс-президент "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине баш багып, 2010-жылдагы "Апрель революциясынын" баатырларына багыштап куран окутту.