БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Казакстандын борборунда дүйшөмбү күнү нөшөрлөгөн жамгырдан улам суунун деңгээли жогорулап кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Астананын акимиатына шилтеме берип жазды.
Нормадан жогорулаган сууну сордуруп алуу үчүн атайын эки көчмө станция тартылган.
"Борбор калаанын көчөлөрүндө 100дөн ашык атайын техника иштеп жатат", — деп жазылат маалыматта.
Ал ортодо интернет айдыңына видео тарады. Анда Астананын көчөлөрүнүн биринде эки адам кайык менен сүзүп жүргөнүн көрүүгө болот. Бирок анын качан тартылганы такталбай жатканын Tengrinews кабарлады.
ЖМКлар учурда абал кандай экендигин тактай элек, бирок Казгидромет 21-августта жамгыр катуу жаап, түндүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жете тургандыгын болжолдоодо.