Үчүнчү коло! Амантур Исмаилов кытайлык каршылашын жер каратты

Кыргызстандык балбан үчүнчү орун үчүн болгон беттеште кытайлык Чанг Гакун менен кез келди.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Азия оюндарынан коло медаль утту. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Каныбек Жолчубеков Азиададан Кыргызстанга үчүнчү күмүш байгени алып келди
Исмаилов грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Үчүнчү орун үчүн кытайлык Чанг Гакун менен күрөшүп 6:1 эсебинде жеңип алды. Ушуну менен Кыргызстандын балбандары күрөштөн алты медаль утушту.

Буга чейин Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков күмүш, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова коло байгеге ээ болгон.