Радио

Касенов: актёрлор ЖМКлар тарабынан колдоого муктаж

Казак режиссёру Камат Касенов Кыргызстанга караганда Казакстанда актёрлор үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк экенин маалымдады.
Sputnik
Касенов: актёрлор ЖМКлар тарабынан колдоого муктаж

Кыргызстандагы актёрлор ЖМКлар тарабынан колдоого муктаж. Бул тууралуу Камат Касенов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн актёрлорунун айлык маянасы дээрлик бирдей.

"Кыргызстанда таланттуу актёрлор абдан көп. Аларга ЖМКлар тарабынан жетиштүү көңүл бурулбагандай сезилет. Телевидение, радио, гезит-журналдар аларды интервьюга чакырып, элге көбүрөөк таанытса жакшы болот эле деп ойлойм. Мисалы Казакстанда "Театр" деген журналда ай сайын актёрлор тууралуу маалыматтар кеңири берилип турат. Таланттуулар үчүн мындай нерсе дем-күч берет. Ал эми айлык акы өзүнчө маселе. Кыргызстанда театрда иштеген актёрдун айлыгы орточо эсеп менен төрт жарым миң сомду түзөт. Казакстанда деле ушундай маянага иштешет, бирок ал жакта мүмкүнчүлүктөр көп", — деди казак режиссеру.

Касенов кыргыз эли таланттарга бай экенин кошумчалады.