Азыркы кезде Түркияда ар кандай кылмыш менен кармалган кыргызстандык төрт жаран камакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу Ибрагим Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кармалган жарандардын экөөсү адам өлтүрүү боюнча айыпталган.
"Эртеден кечке мекендештерибиздин маселелерин чечүүгө аракет жасайбыз. Мына азыр да биздин кабылдамада 10дон ашык кыргызстандык отурат. Жакында эле сегиз баланын айлыгын жетекчиси төлөбөй жаткан экен, аларга жардам берип, маселесин чечип бердик. Мындан сырткары, ооруп келгендер да жок эмес. Аларга котормочу керек болгондо биздин кызматкерлерден жана студенттерден суранам. Кээде аларды дипломаттардын үйүнө жаткырууга туура келет. Ошондой эле учурда төрт жараныбыз түрмөдө отурат. Алардын экөө адам өлтүрүү, бирөө баңги заттарын саткандыгы үчүн, бирөө адам сатуу кылмышы боюнча айыпталган. Жакында эле феточу деп кармалган эки жигитти мекенибизге жибердик", — деди элчи.
Ал түрк тилин белбегендер жумуш издеп Түркияга келбегени дурус болорун кошумчалады.