Булар согуп да, күрөшүп да ута алат. Кыргыз самбочулары Азия оюндарында

Самбо боюнча мелдештер 31-августтан 1-сентябрга чейин өтмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Азия оюндарында өлкө намысын беш самбочу коргойт. Курама команданын тизмесин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жарыялады.

Самбо боюнча мелдештер 31-августтан 1-сентябрга чейин өтмөкчү.

Курама команданын тизмеси:

Азамат Асакеев жана Тилек Аманкулов — 52;

Урмат Мамбетжан уулу — 90 кг;

Анара Жумалы кызы — 48 кг;

Анара Эстебесова — 68 кг;

Башкы машыктыруучу — Андрей Тупик;

Калыс — Кайрат Тургумбаев.

Жүрөк толкуйт! Азия оюндарында параддан өткөн кыргыз спортчулары видеодо
Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулат.

Ал эми кыргызстандыктар спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).