Барселонада туристтерди балкондон секирүүгө чакырган жарнактар пайда болду

Туристтерге карата мындай мамиленин себептери айтылган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Испаниянын Барселона шаарында чет элдик туристтерди көп кабаттуу үйлөрдүн балконунан секирип кетүүгө чакырган жарнактар менен граффитилер пайда болду. Бул тууралуу The Times басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Макалада айтылгандай, бул туристтерге каршы радикал-активисттер уюштурган акция.

Чет элдик туристтерди тосуудагы сегиз "болбойт"
Жарнактарда "Урматтуу турист, "балконинг" деген эмне экенин билесизби? Бул нерсе жергиликтүү элге кысылбай, ээн-эркин жашоого шарт түзөт. Жүрөк ооруларын азайтат, ырахат тартуулайт" деп жазылган.

Жергиликтүү ЖМКлар бул "чакырыктар" көбүнесе англис тилинде жазылып, британиялык туристтерге багышталып жатканын жазышууда.

Мындан улам Испаниядагы Улуу Британия элчилиги жана британиялык туристтер ассоциациясы өз мекендештерин абайлап жүрүүгө чакырууда.

Макалада испан активисттери эмне себептен туристтердин келишине каршы чыгып жатканы так айтылган эмес. Бирок акыркы үч ай ичинде туристтер бийиктен кулап жабыр тарткан жана көз жумган окуялар катталган.

Ал эми Барселона шаарынын бийлиги бул жарнактарды көчөлөрдөн тез арада тазалай турганын билдирди.