Бактуу-Долонотудагы ипподром жаңыланууда

Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ушу тапта ипподромдо трибуналардын алдына прожекторлор үчүн консолдорду коюу менен кошумча жарык берүү орнотулуп, спортчулар жана делегациялар үчүн аянтчанын старттык бөлүгү кеңейтилип жатат. Мындай маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге берди.

1 / 3
Ушу тапта ипподромдо трибуналардын алдына прожекторлор үчүн консолдорду коюу менен кошумча жарык берүү орнотулуп, спортчулар жана делегациялар үчүн аянтчанын старттык бөлүгү кеңейтилип жатат
2 / 3
Мындай маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге берди
3 / 3
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Абылгазиев Ысык-Көл облусуна барып, Көчмөндөр оюндарына карата көрүлүп жаткан даярдыкты көрүп келген.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Абылгазиев Ысык-Көл облусуна барып, Көчмөндөр оюндарына карата көрүлүп жаткан даярдыкты көрүп келген.

Кырчында даярдык кандай? Абылгазиев Ысык-Көлдө жүрөт. Сүрөттөр
Премьер-министр административдик корпустун имаратын жана ипподромдун трибуналарын карап чыкты. Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен мелдештерди уюштуруу маселелерин талкуулап, жыйынтыгында Көчмөндөр оюндарына даярдыктарды сапаттуу жана өз убагында камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.