Абайлагыла, балдар! Чүй облусунда милиция маршруткаларга баннер чаптады

Иш-чара жаңы окуу жылын утурлай уюштурулду.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Чүй облусунда өкөрүлүп жаткан жол коопсуздугу боюнча иш-чаранын алкагында коомдук транспортторго "Көңүл бургула, балдар", "Абайлагыла, балдар!" деп жазылган баннерлер тагылды. Бул тууралуу Чүй ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 2
Чүй облусунда өкөрүлүп жаткан жол коопсуздугу боюнча иш-чаранын алкагында коомдук транспортторго "Көңүл бургула, балдар", "Абайлагыла, балдар!" деп жазылган баннерлер тагылды.
2 / 2
Бул акциянын негизги максаты – балдардын жолдон жабыркашын алдын алуу.

"Айдоочуларга мектеп жана балдар бакчаларынын жанынан өзгөчө сак болууну сунуштап жатабыз. Мындай жерлерде албетте атайын белгилер бар. Бирок бардык эле айдоочулар аларга көңүл буруп, ылдамдыкты азайта беришпейт", — деп айтышты милициядан.

Бул акциянын негизги максаты – балдардын жолдон жабыркашын алдын алуу.