Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынан күмүш медаль утту

Финалдык беттеш 11:0 эсеби менен аяктады.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында монголиялык Орхон Пуревдорждон утулуп күмүш медалга ээ болду.

Финалдык беттеш 11:0 эсеби менен аяктап, кыргызстандык спортчу жеңилүү ызасын тартты. Ал алтын медалга жетпей калганы менен күмүш байгени камсыздап койгон.

Азия оюндарынын тарыхы. Кыргызстандан барып олжолуу кайткандар
Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясы боюнча чыккан. Буга чейинки айлампаларда түндүк кореялык Жонг Сим Римди акыркы ыкманы жасап 6:6 эсебинде, андан соң кытайлык Руй Сю менен беттешип 3:0 эсебинде жеңип алган.

Ал эми жарым финалда Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында коло байге үчүн кармашып жеңилип калган атаандашы индиялык Сакши Маликти утуп финалга чыккан.

Эскерте кетсек, кечээ Магомед Мусаев эркин күрөш боюнча күмүш байге утуп Кыргызстандын байге куржунуна алгачкы медалды алып келген.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулат.

Ал эми кыргызстандык 150дөй спортчу спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).