Жол чырактар иштен чыккан жерде унаалар кагышты. Кырсыктын сүрөтү

Калаа тургуну айдоочуларды кесилиш жолдон абайлап өтүүгө чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Борбордогу Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин WhatsApp-каналына күбө билдирди.

1 / 2
Борбордогу Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагышты
2 / 2
Жол кырсыгы бүгүн, 19-августта, болжол менен саат 15.30 да болгон. Анда Honda Stepwgn менен Lexus RX300 унаасы кагышкан.

Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 19-августта, болжол менен саат 15.30 да болгон. Анда Honda Stepwgn менен Lexus RX300 унаасы кагышкан.

Кечээ ушул эле жолдордун кесилишинде жол чырактардын иши үзгүлтүккө учураган.

"Сиздердин маалыматтан кийин жол чыракты оңдоп, ишке киргизишкен. Кырсык кокустуктан деле болсо керек, ошентсе да кесилиштен абайлап өтчү болдум. Кээде сары белги кечке чейин күйүп турат, кээде көчөлөрдүн биринде жол чырак такыр иштебей калат. Абайлаңыздар", — деди күбө.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык тууралуу маалыматты тастыктады. Себеби такталып жатат.