Кыргыз туусу Индонезияда желбиреди. Азия оюндарынын ачылышынын сүрөттөрү

Ачылыш аземде Кыргызстандын желегин волейбол боюнча курама команданын капитаны Онолбек Каныбек уулу көтөрүп өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарынын ачылыш аземине катышып, туу көтөрүп чыгышты. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

1 / 8
Кыргызстандык спортчулар Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарынын ачылыш аземине катышып, туу көтөрүп чыгышты
2 / 8
Иш-чара 18-августта Жакартанын "Гелора Бунг Карно" стадионунда өттү
3 / 8
Спортчуларды Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен Азия Олимпиада кеңешинин президенти Шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах тосуп алды
4 / 8
Ачылыш аземде Кыргызстандын желегин волейбол боюнча курама команданын капитаны Онолбек Каныбек уулу көтөрүп өттү
5 / 8
Делегацияда жалпысынан 202 адам болсо, анын 149у — спортчу, калганы машыктыруучу, калыс жана дарыгерлер
6 / 8
Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү
7 / 8
Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулат.
8 / 8
Ал эми кыргызстандык спортчулар спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).

Иш-чара 18-августта Жакартанын "Гелора Бунг Карно" стадионунда өттү. Спортчуларды Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен Азия Олимпиада кеңешинин президенти Шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах тосуп алды.

Ачылыш аземде Кыргызстандын желегин волейбол боюнча курама команданын капитаны Онолбек Каныбек уулу көтөрүп өттү.

Делегацияда жалпысынан 202 адам болсо, анын 149у — спортчу, калганы машыктыруучу, калыс жана дарыгерлер.

"Спорттук делегация ири топ менен басты. Катарда оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев да болду. Ар бир өлкөнү алтын куштун формасын кийген бийкеч коштоп барды. Иш-чара укмуштуудай ыр-бий менен коштолду",  — деп айтылат маалыматта.

Азия оюндарынын тарыхы. Кыргызстандан барып олжолуу кайткандар
Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан  481 медаль комплектиси ойнотулат.

Ал эми кыргызстандык спортчулар спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).

Азия оюндары Жакартада экинчи ирет өтүп жатат, биринчи жолу 1962-жылы болгон.