Тоту кушту кубалаган тейде кеткен кожоюн көлдүн жээгиндеги баткакка кантип кирип кеткенин өзү да байкабай калган. Бул туурасында Sputnik Белоруссия сайты жазды.
Баткактан чыга алмак турсун, улам тереңдеп кирип бара жаткандан кийин башкаларды жардамга чакырууга туура келген. Куткаруучулар келип, баткакта белине чейин батып турган кишини сууруп чыккан.
Социалдык тармакка илинген видеодон башкалар ылайдан алып чыгып жаткан кишинин жонунда чуулгандуу тоту куштун кетпей конуп, отуруп алганын да көрүүгө болот.
"Куугунчуну" "боштондукка" алып чыгуу оңойго турбай, көп машакатты талап кылган. Акырында аларда өрт өчүрүүчөлөрдүн шатысы жакшы жардамчы болгон.