"Киношок" фестивалында "Түнкү кырсык" жана "Мунабия" баштаган 5 тасма ат салышат

Фестиваль постсоветтик өлкөлөрүнүн кинематографтарынын башын бириктирген жападан жалгыз иш-чара болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россиянын Анапа шаарында өтчү "Киношок" кинофестивалына Кыргызстандан беш тасма катыша турганын Кинематографты колдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2-9-сентябрь күндөрү өтөт. "Киношок" — постсоветтик өлкөлөрдүн кинематографтарынын башын бириктирген жалгыз фестиваль.

Уулдарын ээрчиткен Айтматов, жылмайган Шамшиев. "Ак кеме" тасмасындагы таберик сүрөт
Сынактын толук метраждуу тасмалар бөлүмүндө режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" жана Таалай Кулмендеевдин "Мунабия" тасмалары ат салышат.

Ал эми кыска метраждуу тасмалар сынагына Аскар Нуракун уулунун "Киноман" жана Чолпонай Бөрүбаеванын "Өмүр" тасмалары катышмакчы.

Даректүү фильмдер боюнча конкурста Токтобек Үсөновдун "Аялдардын түйшүгү эмес" тасмасы тартууланары айтылды.