Бишкекте кичирайондор ичиндеги арыктар оңдоло баштады. Сүрөт

Кичирайондордун ичиндеги арыктарга көптөн бери кол жете элек болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кичирайондордо арык казып, лотокторду орнотуп жатканын башкы агроном Элнура Жолдошева билдирди.

1 / 3
"Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кичирайондордо арык казып, лотокторду орнотуп жатканын башкы агроном Элнура Жолдошева билдирди
2 / 3
Анын айтымында, эгер буга чейин шаар кызматтары борбордук бөлүктөгү ирригациялык түйүндөрдү гана тейлеп келсе, эми үйлөрдүн короолорундагы арыктарга көңүл бөлө баштады
3 / 3
"Бишкекзеленхоз" бул иштерди октябрдын аягына токтотуп, кийинки жылы кайра баштамакчы.

Анын айтымында, эгер буга чейин шаар кызматтары борбордук бөлүктөгү ирригациялык түйүндөрдү гана тейлеп келсе, эми үйлөрдүн короолорундагы арыктарга көңүл бөлө баштады.

"Арыктарды калыбына келтирүү иштери быйылтан тарта башталды. Ремонттон тышкары жаңы арыктар да казылып жатат", — деди Жолдошева.

"Бишкекзеленхоз" бул иштерди октябрдын аягына токтотуп, кийинки жылы кайра баштамакчы.