БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов бүгүн жыйын өткөрүп, муниципалитеттин тиешелүү кызматына жашылдандыруу, парктарды калыбына келтирүү, көрктөндүрүү маселеси боюнча талаптарды койду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда бир нече парктар аталып, дегеле сейил бактар үчүн берилген жерлердин чек арасы боюнча да сөз болгон.
Суракматов төмөндөгүдөй тогуз талапты койгон.
— Сейил бактар үчүн берилген жерлердин чек арасы тез арада аныкталышы керек;
— Түрк элчилигине кайрылып, түрк элинин улуу лидери Мустафа Кемал Ата Түрктүн атындагы сейил бакка бѳлүнгѳн каражатты тез арада колдонуп, паркты кѳрктѳндүрүү боюнча сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлсүн;
— Түрк элчилигине кайрылып, түрк элинин лидери Мустафа Кемал Ата Түрктүн атындагы сейил бакка бѳлүнгѳн каражатты тез арада колдонуп, паркты кѳрктѳндүрүү боюнча сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлсүн;
— Гейдар Алиевдин атындагы парк үчүн берилген жерге сейил бак гана курулуусу керек. Азербайжандын улуу мууну ѳздѳрүнүн лидерин колдоп, парктын куруусуна кѳңүл бурат деген ишеничтебиз;
— Борбордогу оңдоло турган парктарды кѳрктѳндүрүүдѳ, курууда бардык шарттарды түзүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулсун, борбордогу кароосуз калган парктарды тематикасына жараша оңдоп чыгуу талап кылынат;
— Мэриянын кызматтары бизнес ѳкүлдѳрү менен биргеликте парктарды, гүл бакчаларды оңдоп, куруп, чоң ишканаларга ѳздѳрүнѳ жакын жайгашкан парктарга кѳмѳк кѳрсѳтүүлѳрү үчүн бирге тыгыз кызматташуусу зарыл;
— Аалы Токомбаев кѳчѳсүнүн Совет кѳчѳсүнѳн Бах кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүнѳ веложол куруу менен ѳркүндѳтүү керек. Веложолду кенен, жарыктандыруу, жашылдандыруу элементтер менен куруу абзел.
Эскертке кетсек, буга чейинки мэр Албек Ибраимовго коомчулук тарабынан жолдорду оңдоп-түздөөдө бак-даракты көп кыйылгандыгы үчүн ага карата социалдык тармактарда "отун жаргыч" деген каймана ат да ыйгарып жиберишкен.