Бишкектин чок ортосунда мотоциклчен киши жеңил унааны сүзүп алды. Сүрөт

Кырсык көчөнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда мотоцикл кырсыкка учурады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, кырсык болжол менен саат 10.00дө болгон. Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде мотоцикл айдап келе жаткан киши жеңил унааны сүзгөн. Күбө анын оор жаракат албаганын белгиледи. Ушу тапта окуя болгон жерде милиция шитеп жатат. 

ДТП с участием мотоцикла в Бишкеке

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык тууралуу маалыматты тастыктады. Жабырлануучу дарыгерлердин жардамынан баш тарткан.