Бишкектеги лагманканадан чыккан өрт өчүрүлдү

Кафе борбор калаанын чок ортосунда экени айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкектеги лагманканадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Чүй проспектиси менен Төрөкул Айтматов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт болжол менен саат 13.00дө чыккан.

Тез жардам кызматына аталган дарек боюнча эч кандай билдирүү түшкөн эмес.