"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында он жылдан бери кумар оюнун ойноп, карызга баткан жигиыыин тагдыры баяндалат.
Мен азыркы оор абалымдан кантип чыгууну билбегендигимден сиздерге кайрылып жатам. Өзүм отуз жаштамын. Ата-энем бардар турмушта жашайт. Мен да Бишкектеги азык-түлүк чыгарган фабрикалардын биринде эмгектенем. Айлыгым жакшы. Эки жыл мурда үйлөнүп, азыр келинчегим экөөбүз ымыркай күтүп жаткан кезибиз. Сырттан турмушум жакшы көрүнгөнү менен чындыгында башымдын азаптан чыга элегине 10 жылдай болду. Бул убакыттын ичинде карызга батып, ата-энеме, аялыма жек көрүндү болуп, жада калса эки жолу өзүмдү өлтүрүүгө аракет кылдым. Мунун баарына кумар оюндарынын бир түрү болгон лотерея (кутуда номерлүү шариктер айланып, кумарпоздор кайсы сандын түшөрүнө акча коюшат — ред.) себеп болду.
Аз акчага ойноо убакыт өткөн сайын кызыктырбай калды. Ата-энем берген акча же болбосо тааныштардан карыз алып баштадым. Улам барган сайын кумарга короткон акчам көбөйө берди. Ошентип отуруп бир күнү эки сааттын ичинде кантип миң доллар уттуруп ийгенимди байкабай калдым. Бул мен үчүн ошол кезде кумарга киргизген эң көп акча эле. Азыр ойлоп көрсөм ал күнү кудайдан мага белги болгон экен. Ошондо өзүмө келип, жашоомду башка жолго бурганда азыркыдай абалга туш келбейт белем…
Менин көрүнгөн тааныштан карыз алып, кумарга белчемден батканымды акыры ата-энем да укту. Бирок атамдын катуу урушканы, апамдын көз жашы кымындай да таасир эткен жок. Болгон оюм кумарканага барып, акча табуу эле. Утканыма караганда уттургна убагым көп экендиги мени токтотподу.
Жогорку окуу жайды аяктаган соң азык-түлүк чыгарган фабрикалардын биринде жумушка орноштум. Шаардагы дүкөндөргө товарларды жеткирип берчүмүн. Саткан товарыма жараша айына 50 миңдей, майрам күндөрү 100 миң сомдон ашык акча алчумун. Акчам көбөйгөн сайын кумарга да көп корото баштадым. Эми мен үчүн 100 миң сом менен кумарканага кирүү кадимки көрүнүш боло баштады. Карыздарым күн өткөн сайын көбөйө берди. Ошентип бир күнү унаамды күрөөгө койдум. Ал акчаны жарым саатка жетпей уттуруп жибердим. Муну уккан атам мени алгач катуу сабап, андан соң акылын айтып унаамды чыгарып берди. Ал мени бардык нерсеге акыл калчап, бул "өнөрүмдү" таштайт деп ойлоду. Бирок лотерея мени биротоло арбап алган эле.
Ата-энем болсо оңолооруман таптакыр үмүт үзүп коюшту. Атам мени уулу катары көрбөй калды. Бар-жогум ал үчүн баары бир эле. Бирок мен аны туура түшүнөм. Канча жолу карыздарымды төлөп, кылган иштериме көз да жумуп, кеңешин айткан, ал жетпегенде койдой сабаган күндөрү да болду. Бирок эч нерсе мени кумар оюнунан алыстата албасын түшүндү. Ал эми апам азыркыга чейин мени аяйт, үйүнө барганда ар дайым абалымды сурап, ысык тамагын жасап берет. Мурдагы жайдары, ак көңүл апам мени ойлоп жүрүп чачтары да агарып, карып кетти. Түнү менен көчөлөп, сүрөтүмдү көтөрүп алып кумарканаларды кыдырып жүрүп кыйналды. А мен болсо ага көңүл бурбай канча жолу апамдын зер буюмдарын сатып жибердим. Акыры үйлөнүп, очор-бачар болсо ойногонду токтотот деген ой менен сүйлөшкөн кызыма куда түшүп барышты. Ошентип той күнү болду. Бирок мен кумаркананы ойлоп жаттым. Тойдун эртеси жоро-жолдошторум кошкон 130 миң сомдун баарын алып, лотереяга короттум. Ал аз келгенсип, кийинчерээк аялымдын алтындарын да жок кылдым.
Башым карыздан чыкпай, жашоо мен үчүн оор боло баштаганда өз өмүрүмө кол салуу жалгыз чечим катары көрүндү. Үй-бүлө, досторум, деги эле жашоо мен үчүн кыпындай да кызыкчылык жаратпай калды. Кыш мезгили болчу. Түндөсү темир жолго барып рельске жаттым да, колумдагы күрөө тамырды эки-үч жолу кескиледим. Көзүм караңгылашып, эсимди жоготуп койдум. Ойгонсом дале темир жолдо жатыпмын. Арадан үч саат өткөн экен. Сууктан улам кесилген жерим тоңуп, кан акпай калыптыр. Бул окуяны эч кимге айтпадым. Эки жумадан кийин бир куту дары-дармек ичтим. Эсим ооп жыгылганым менен экинчи жолу да кудай мени жанына алган жок.
Он жыл ичинде жалпысынан 200 миң доллардан ашык акчаны лотереяга "жуткурупмун". Ойногонду эки жыл мурун кумарканалар жабылганда гана токтотууга аргасыз болдум. Андан бери тапкан акчамы өзүмө же үй-бүлөмө корото албадым. Жалаң гана карыздарымды жабуу үчүн иштедим. Мейли, акча табылат дейли. Бирок мени эң өкүндөргөн жагдай — жалындаган жаштык кезимди каяктагы бир оюнга алдыргандыгым. Ата-энемдин ишеничин актай албай, аларды өтө оор күйүткө салдым. Аялыма татыктуу жолдош боло албадым. Мурда өзүмө ишенген, досторумдун арасында сыйлуу бала элем. Азыр мени эч ким тоготпойт, мага сын көз караш менен карашат. Чүнчүгөн, жүдөгөн, ар бир телефон чалуудан жалтактаган жигитке айландым. Мунун баарына өзүм күнөөлүмүн.
Жакында балалуу болом. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик экендигин билем. Бирок өзүмдүн абалым бул болгон соң балама кандай тарбия берем деген ой коё бербейт. Өзүм деле өзгөрүүнү каалайм. Кумар оюну дегенде ата-энеме, жубайыма көңүл бурбаган мен балам деп жакшы жакка өзгөрөөрүмө көзүм жетпейт. Бирок дале болсо алдыда үмүттүн шооласы бар экендигин билем. Ошол шоолага кантип жетүүнүн жолун издейм…
Самат Аалканов, психолог
Кумар оюндары бул аябай терең маселе. Адамдын ага байланып калганынын себептери көп. Мисалы, аябай кыжаалат болуп же бир нерседен өтө коркушу мүмкүн. Ичиндеги ошол стресстик чыңалууну ар кандай жолдор менен чечкенге аракет кылат. Бирөө көйгөйдөн качуу үчүн ичет же баңги зат колдонот. Бирок кумар оюндарында башкачараак механизмдер бар. Наркоманияга окшоп ден-соолукка зыян келбейт. Кумарпоздордун мээсин терең карап көрсөк, алардын эндорфин, дофамин деген гормондорго болгон сезимталдыгы азайып калгандыгын байкоого болот. Мисалы, жөнөкөй адамдар таттуу нерсе жегенде рахат алса, кумарпоздор андан рахат ала алышпайт. Аларга көбүрөөк стимул керек. Ошондой эле аларга эрктүүлүк жетишпейт. Мээсинин бир бөлүгү "азыр ойногондон пайда жок, баары бир утуласың" десе, экинчиси "утабыз, жашообуз өзгөрүп, бактылуу болобуз" деп алдайт. Бардык адам өзүн бактылуу сезгиси келет. А кумарпоздор оңой менен эйфорияга жете алышпайт. Алар жанагындай оюндарды ойноп, утканда гана чоң бир рахат алышат. Бул — көйгөйдүн симптоматикалык жагы.