БУУнун мурунку башкы катчысы Кофи Аннан көз жумду

Аннан акыркы жылдары Аннан Швейцарияда иштеп, өз атындагы фондуну башкарып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун мурунку башкы катчысы Кофи Аннан 81 жашында дүйнө салганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

БУУнун башкы катчысы кансыз согуш кайтканын жар салды
Маалыматта Аннандын 18-августта үй-бүлөсүнүн кашында кыска мөөнөткө созулган оорудан улам көз жумганы айтылат. Маркумдун тажыясы качан болору кийинчерээк айтылат.

Кофи Аннан 1938-жылы 8-апрелде Британиянын Алтын жээк колониясында туулган. Бул аймак бара-бара Гана деп аталган мамлекетке айланган. Кофинин атасы уруу башчысы болуп, Ашанти провинциясынын губернаторлугун аркалаган. Аннан мекенинде окуп, билимин АКШ менен Швейцарияда тереңдеткен. Студент кезинен эле БУУда иштеп, качкындар боюнча жогорку комиссар башкармалыгын жетектеген.

1997-жылдын 1-январында БУУнун башкы катчысы болуп, 2001-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. Акыркы жылдары Аннан Швейцарияда иштеп, өз атындагы фондуну башкарып келген.