Кочкордо ала салып кеткен автоунаа үч кишинин өмүрүн алды

Алдын ала айтылган маалыматка караганда, айдоочу автоунааны башкара албай калган
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыктан үч киши каза тапты. Бул туурасында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

17-августта Кочкор — Ормонхан жолунда саат 15.30дар чамасында Volkswagen Passat ала салып кеткен. Алдын ала айтылган маалыматка караганда, айдоочу автоунааны башкара албай калган. Каза болгондор 48 жана 43 жашта экендиги айтылды. Алардын сырткары эки киши жарадар болгон.