Радио

Турдубеков: коррупциядан улам ири инвесторлор кошуна өлкөлөргө кетүүдө

"Чаарат Заав" ЖАКтын директорлор кеңешинин жетекчисинин кеңешчиси, серепчи Улукбек Турдубеков быйыл өлкөнүн ички дүң продукциясы 0,01 пайыз болушу ишкерлерге кооптонуу жаратарын айтты.
Sputnik
Турдубеков: коррупциядан улам ири инвесторлор кошуна өлкөлөргө кетүүдө

Коррупциядан улам ири инвесторлор башка өлкөлөргө чыгып кетишүүдө. Учурда сырттан инвестиция тартуу өлкө ишкерлери үчүн абдан татаал. Мындай пикирин Улукбек Турдубеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мыйзамдар ишкерлер үчүн ийкемдүү, бирок анын аткарылышы көп көйгөй жаратып келет.

"Ишкерлер үчүн мыйзамдар республикада абдан ыңгайлуу. Сырттан келген ири инвесторлор да кагаз жүзүндө мыйзамдар менен таанышканда кызыгып калышат, бирок аны аткарууга келгенде эле такыр башка көрүнүш болуп жатпайбы. Ири инвестиция алып келип жаткан инвесторду түрдүү коррупциялык мамилелерибиз менен эле чочутуп жатабыз. Алардын баары кошуна мамлекетке кетип калышууда. Учурдагы статистиканы алып карасак, бул багытта көңүл жубатарлык эч нерсе жок. Албетте, мындай мамиле өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң тоскоолдук жаратат", — деди Турдубеков.

Ал өлкөнүн ЕАЭБге кириши да инвесторлордун келүүсүн солгундатып жатканын кошумчалады.