Бишкектин чок ортосунда лагман жайы күйүп жатат. Жеринен сүрөт

Кафе Төрөкул Айматов көчөсү менен менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда лагман саткан жай күйүп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин Telegram-каналында кабарланды.

Кафе Төрөкул Айматов көчөсү менен менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан. Күбөнүн айтымында, өрт анча чоң эмес. 

Пожар в лагманной в Бишкеке

ӨКМден кырсык тууралуу маалыматты тастыкташты. Окуя болгон жерде өрткө каршы кызмат иштеп жатат.

Жабыр тарткандар жок. Тез жардам кызматына кайрылуу түшкөн эмес.