Радио

Буларкиев: тубаса грыжаны кеспей операция жасап жатабыз

Улуттук госпиталдын хирургу Азим Буларкиев лапароскопиялык операциялар көп каражатты талап кылгандыктан өлкөдө жакшы колго алынбай жаткандыгын айтты.
Sputnik
Буларкиев: тубаса грыжаны кеспей операция жасап жатабыз

Тубаса грыжаны, башкача айтканда, чуркуну лапароскопиялык ыкма менен операция жасап жатабыз. Жыйынтыгы жакшы. Бул тууралуу Азим Булиркиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган операция эффективдүү, коопсуз болгону менен баасы кымбат.

"Жука чурайда тубаса грыжа менен төрөлгөн балдарга лапароскопиялык операция жасоодобуз. Аймактарда балдар хирургдары жетишпегендиктен, бейтаптар көбүнчө оору өтүшүп кеткен учурда кайрылышат. Буга карабай жасалган операциялардын жыйынтыктары жакшы болууда. Тилекке каршы, кеспей операция жасоо көп чыгымды талап кылгандыктан, жарандар үчүн кымбат болуп калууда. Мунун кесепетинен муктаждардын баары эле жасата алышпайт", — деди Буларкиев.

Ал лапароскопиялык жол менен өттүн ташын алып, ичегилерди май басканда операция жасалып жатканын кошумчалады.