Тажикстандын лидери 17 жылдан бери биринчи жолу Өзбекстанга барганда... Видео

Эки өлкөнүн лидерлери саясат, инвестиция, соода-экономика, жана энергетика тармагы боюнча пикир алышты. Жолугушуу 18-августта жыйынтыкталат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон бүгүн, 17-августта Ташкентке келип конгонун Өзбекстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Ислам Каримов атындагы "Ташкент" аэропортунан Рахмонду Мирзиёев кучак жая өзү тосуп алды.

Эмомали Рахмон алгач Мустакиллик аянтына барып Эгемендүүлүк жана гуманизм монументине гүл койгон. Андан соң "Көксарай" резиденциясына жөнөгөн.

1 / 6
Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон бүгүн, 17-августта Ташкентке келип конду
2 / 6
Ислам Каримов атындагы "Ташкент" аэропортунан Рахмонду Мирзиёев кучак жая өзү тосуп алды.
3 / 6
Ислам Каримов атындагы "Ташкент" аэропортунан Рахмонду Мирзиёев кучак жая өзү тосуп алды.
4 / 6
Ислам Каримов атындагы "Ташкент" аэропортунан Рахмонду Мирзиёев кучак жая өзү тосуп алды.
5 / 6
Эмомали Рахмон алгач Мустакиллик аянтына барып Эгемендүүлүк жана гуманизм монументине гүл койгон.
6 / 6
Андан соң "Көксарай" резиденциясына жөнөгөн.

Эки өлкөнүн лидерлери саясат, инвестиция, соода-экономика, энергетика, суу чарба, айыл чарба, туризм жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча пикир алышууга жетишти.

Мындан сырткары, алар аймактык жана эл аралык жолугушуулардын графигин такташкан.

"Сиздин келишиңизди өзбек-тажик тарыхындагы өзгөчө саясий көрүнүш деп баалайбыз. Бүгүнкү жолугушуу мындан аркы кызматташууну чыңдоого өбөлгө болмокчу. Учурда соода-экономикалык жана транспорт-коммуникациялык жаатта кызматташууга жол ачылууда", — деди Шавкат Мирзиёев.

Ал ошондой эле бүгүнкү жолугушуу тарыхта калып, кабыл алынган келишимдер көптөгөн жылдар бою элге пайдасын тийгизээрин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти 17 жылдан бери биринчи ирет Өзбекстанга келип отурат. Жолугшуу 18-августка чейин созулат.